"Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов мыйзамсыз иш жүргүзүүдө" дейт активист

Бүгүн, 25-февралдагы маалымат жыйынында “Апрель баатырлары” уюмунун мүчөсү Таалайбек Айдаров: "Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Аширалы Зурдинов аталган окуу жайга мыйзамсыз дайындалган",- деп билдирди. 
Анын айтымында, А.Зурдиновду аталган окуу жайга мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов 2009-жылы мыйзамсыз дайындаган. 
"Зурдинов пенсия курагында ректор болуп дайындалган. Ошондуктан ошол учурдан бери кол койгон документтери мыйзамсыз болуп эсептелет. Андан сырткары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Аширалы Зурдиновдун кызматтык мөөнөтүн мыйзамсыз узартып койгон. Ошондуктан анын тез арада кызматтан кетиши зарыл",- деди Айдаров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aidartegin
2015-02-25 14:15:18
Менимче Николай Танаев 2009 жылы окмот башчы эмес эле, Пензу областында болуш керек эле...
0
kelechek.kg
2015-02-25 14:31:02
Игорь Чудинов деп турат окшойт
0
aidartegin
2015-02-25 15:00:53
Жаны эле ондоду...
0
Aitunuk
2015-02-25 15:10:28
Ар ким өз ишин билсе жакшы болмок. Апрель баатырларынын ректорлук менен кандай иши бар, ар кимдин колунда "кол жоолук" болбой, өз барктарын билишсе. А.Зурдинов КГМАга эмгеги сиңген, илимпоз адам.
0
aziziko
2015-02-28 23:31:00
Коррупция менен иштеп синирген эмгегин урдук улуу урматтуу Aitunuk. Анткени башыбыздан откон мед академияда кандай бизнес болуп жатканын оз козум менен коргом жана жыл сайын булардын ставкасы чонойуп миндеген жашыл доллар болду. Ошол учун азыр врачтарга даже ийне сайдыргандан корком
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан