Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн түптөө, облуста туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчы шаарындагы экологиялык посттун тегерегинде этнографиялык тарыхый-мемориалдык туристтик комплекс куруу иштери боюнча тескеме жарыяланган. Ага ылайык, облустун Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына 11 долбоор сунушталды. Бул тууралуу 25-февралда Гүлбарчын Молдоева билдирди.
Алар менен таанышып чыккан өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев этнографиялык тарыхый-мемориалдык комплексинин долбоорун иштеп чыккан авторлордун иштерин баалоо боюнча атайын комиссия курамы түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле жалпы коомчулукта талкууга алынып, тандалып алынган комплексти курууда кетүүчү акча каражаты аныкталып, курулуш иштери башталмакчы.