24-февралдан баштап Ош шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларын жалпы республикалык тестке катышуусу үчүн каттоо башталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2015-жылы жогорку окуу жайларындагы гранттык орундарга жана контракттык негиздеги окутуу формаларына (күндүзгү, сырттан окуу жана кечки) тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы милдеттүү деп чечим кабыл алынгандыктан, ЖОЖго тапшырууну каалаган абитуриенттер сөзсүз түрдө каттоодон өтүүсү зарыл. Мектептердин бүтүрүүчү класстарынан сырткары кесиптик лицейлердин, колледждердин жана техникумдардын акыркы курстарынын окуучулары, колунда аттестаты бар мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү катыша алат. Жалпы республикалык тестке каттоо ушул жылдын 7-апрелине чейин жүргүзүлөт.