Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга каттоо шарттары былтыркыдай, өзгөрүүсүз калтырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыштар боюнча менеджери Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга каттоо өлкө боюнча 24-февралдан 7-апрелге чейин уланат. Анын баасы жана каттоо шарттары былтыркыдай, өзгөрүүсүз калтырылды.
“Тест тапшыруунун баасы 260 сом. Мектепте окуп жаткандар өздөрү окуган жеринен каттала алышат. Ал эми окууну мурун бүткөндөр өздөрү жашаган райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылып, жалпы республикалык тестирлөөгө катталып, катышса болот”,- деди Ч. Батракеева.