Алманбет Анапияевдин сөөгү кыргыз жерине Москва аркылуу жөнөтүлөт

Алманбет Анапияевдин сөөгү, Минск-Бишкек аба каттамы жок болгондуктан, кыргыз жерине Москва аркылуу жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына маркумдун туугандары билдиришти.
"Сөөк качан алынып келинери азырынча белгисиз болууда. Бүгүн Минскте жүргөн жердештерибиз менен байланыша алган жокпуз",- дешти А.Анапияевдин туугандары.
Мындан тышкары адвокат Данияр Маманов Беларуста Анапияевге байланыштуу документтик маселелер чечилген соң гана сөөк алынып келинерин SUPER.KG'ге маалымдады.
Айта кетсек, 18-февраль күнү Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияев өлтүрүлгөн. Ал бир канча берене боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет.

Бүгүн Бишкекте А.Анапияевдин жакын адамы А.Гүлжигит кармалган. Анын күбө же шектүү катары кармалганы белгисиз. Ал интернеттеги социалдык баракчасына "Борбордук Азиядагы Америка университетинде окугам" деп жазган. Бирок аталган окуу жайдын басма сөз кызматы бул маалыматты четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
warsaw.
2015-02-25 17:59:29
кыргыздын эң ишенгени көлбаев эле калды
+2
pinpon
2015-02-26 01:34:39
warsaw.,анын эмнесине ишенесин??? Кринимал есть криминал. Ар бир адам акча топтоп, жетиштуу жашагысы келет, анан колунда акча болгондо криминал асыла баштаганы туура эмес иш.
0
SULUU-KYZ
2015-02-25 18:09:28
ee jaman kyinadylar goo sooktu.batyraak koiushpaiby emi
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан