3-топтогу майып Тилек Атазовго өкмөт башчынын резервдик фондунан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча берилди
Бүгүн, 26-февралда 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран Тилек Атазовго өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев өкмөт башчынын резервдик фондунан 50 миң сом өлчөмүндөгү акча бөлүп берди. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин колу коюлган. Тилек Атазов бала кезинен балдардын церебралдык шал илдети менен ооруп келет.