"Алманбет Анапияевин өлүмүнө шектелип жаткан Айбек Абдразаков Беларусь милициясы тарабынан кармалды",- деп билдирди Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбө катары суралып жаткан
Гүлжигит Абилазизовдун жактоочусу
Кайрат Загибаев.
Анын билдиришинче, Анапияевдин жансыз денеси 18-февралда табылгандан кийин эле
Беларустун укук коргоо органдары Абдразаковду издөөгө алып, ошол күнү колго түшүрүшкөн. "Учурда убактылуу кармоочу жайда отурат",- деди Загибаев.
Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн
Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берип,
Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөткөн.