Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Унаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгы реформага муктаж

Вице-премьер-министр Валерий Диль Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2014-жылдын жыйынтыгын жана 2015-жылга карата коюлган пландарын талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынга катышты. Валерий Дилдин айтымында, Унаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын түзүмүн белгилүү деңгээлде реформалоонун зарылчылыгы бар. “Аталган тутум иштелип чыккан жана өзүнүн актуалдуулугун жоготкондугуна көп убакыт болду. Биз заман талабына жараша ведомство функциясын кайрадан карап чыгуубуз керек. Мындан мурда экономикалык курам биринчи орунга чыгуусу үчүн Транспорт министрлигинин аталган субъектилерин реформалоо маселесин талкуулап чыкканбыз. Балким, бул түзүмдөрдү бириктирүүнү кароо зарылдыр, анткени жаңы жолдорду курабыз жана жаңы иш ыкмалары керек. Мен азырынча конкреттүү пландарды киргизбейм, бирок бул маселени конкреттүү түрдө талкуулоо керек",- деди Диль. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан