Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылында "Алтын түйүн" аталышындагы жаштардын ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу 26-февралда уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, борбор жаштарга жаңы технологияларды өздөштүрүүгө көмөктөшөт. Ар кандай семинар, тренингдер өткөрүлүп, жаштар компьютерди колдонгонду үйрөнүп жана маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Борбордун ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары С.Абдрахманов, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин облустагы башкармалыгынын башчысы Р.Акимов жана райондук администрациядан А.Кадырова катышты.