Борбордогу колбаса чыгаруучу жана эт азыктары менен тамак-аш даярдоочу жайлар бир жума бою текшерүүгө алынат

Борбордогу колбаса чыгаруучу жана эт азыктары менен тамак-аш даярдоочу жайлар бир жума бою текшерүүгө алынат. Бул тууралуу 26-февралда SUPER.KG порталына Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария кызматынын жетекчиси Ашырбай Жусупов билдирди.
"Бүгүн борбордогу бир катар кафе, тамактануучу жайлар жана базарда сатыкка коюлган эттердин тиешелүү документтери текшерилүүдө. Текшерүү иштери 1 аптага созулмакчы. Анын алкагында борбордогу колбаса чыгаруучу ишканалар, эт азыктарын колдонуп тамак-аш жасап сатуучу жайлардын баары толугу менен текшерилет",- дейт А.Жусупов. 
Маалыматка ылайык, мыйзамда жазылгандай, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 күн мурун кат жөнөтүлөт. Бул жагдай аталган кызматка толук кандуу текшерүүгө жолтоо болууда. 
"Бул жобо боюнча өз сунуштарыбызды Жогорку Кеңешке жөнөткөнбүз. Азырынча тиешелүү жооп ала элекпиз. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, өлкө боюнча болгону 356 инспектор иштейт. Акыркы 2 жыл аралыгында 1121 инспекторго азайтылды. Эки айыл өкмөткө 1 инспектор туура келет, ал эми ар бир айыл өкмөттө 1-2 миң объект бар, анан баарын кантип көзөмөлдөй алмак эле?"- деп кошумчалайт А.Жусупов.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
edil.kg
2015-02-26 19:18:39
Туура айтат ветеринарларга конул бурулбай жатат штатты кобойтуш к.к болбосо эшек эмес иттерди сойо башташат
+1
AnarRazakovich
2015-02-26 19:20:45
Жар салып эскертип отурбастан, капыстан текшериш керек болчуу. Эми баары бекитип, тазалап алгандан кийин кереги жок.
+2
ibo
2015-02-26 19:57:15
Эскертип отурбай орустардын пятница каналындагы РЕВИЗОРРОго окшоп капысынан кирип барып текшерип анан тв аркылуу элге жарыя кылыш керек.
+2
Allax.jalgyz
2015-02-26 20:18:15
Оздору кшунтип айтып алатта
0
Aidar.001
2015-02-26 22:43:37
Коорупция башталат эми жыйынтык чыкпай эле
0
make2
2015-02-27 00:24:18
жыл бою текшериш керек, законду ошого ылайыкташ керек
0
kamuke_72
2015-02-27 00:59:45
Ээ туугандар!билбей этпей далай сонун жаныбарлардын этин жыргаап жеп койдук го!аш болсун,дарычылыгы болуп калаар!
0
alai81
2015-02-27 13:43:21
Мурда текшеришпейт беле.эми жарыя кыоып текшеребиз деп булар баргыча,алар бар жокту тазалап койушатда.
0
Bektur2
2015-02-27 13:46:27
Канча текшеришсе да жакшылап текшеришсин сыртан эле 5-10 сом берип койсо мактап кете бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан