Алтыны менен куруту бир кол арабада сатылган Бишкектеги кечки жайма базар

Бишкек шаардык мэриясы "Ош базарын" иретке келтирүү максатында жума сайын рейд жүргүзөт. Бирок алардын аракети ойлогондой ишке ашпай жатканын базардагы алтыны менен куруту бир кол арабада сатылып, жол бууган соодагерлерден байкоого болот. Бир орунду сатып алып иштетүүгө чамалары келбей, минтип базарды курчап жайып соода кылгандар, албетте, бул айла жоктун иши экенин айтышты. Өз атын толук айткысы келбеген соодагерлердин бири Жумагүл айым "Базарды иретке келтиребиз" деп мэриядан келишет, бирок алардын негизги максаты - акча алуу. 50-100 сомдон бергендер соодасын уланта беришет, бербегенине кечки бешке чейин тыюу салып коюшат. Бештен кийин ар ким каалаган жерине акысыз тура алат" деди. 
Айрымдары акыркы бир аптадан бери мэриянын салык бөлүмүнүн кызматкерлери келбей калганын айтышса, мэриянын басма сөз кызматы бул айтылгандарды төгүнгө чыгарды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Allax.jalgyz
2015-02-26 23:10:37
Ош базар эле бардак
0
bakyt_2015
2015-02-26 23:21:05
Ош базарына бармак турсун жанынан откондон заарканасын. Тамак ашты ачык асманда эле сатып отурушат.Чан ыпыр-сыпыр учуп ал жерде эмне гана жок. Ушуну карап, тескеп,тартипке келтирейин деген бир чиновник жок. Ош базарын колдон келсе такыр эле шаардын четине чыгарып салса,оордуна чон-чон заманбап соода борборлорун салса жакшы эле болмок.
+6
gulmi
2015-02-27 02:57:08
bakyt_2015, соода борборлордо баалар кандай экенин билесинби?
0
edu.kg
2015-02-26 23:32:16
Ош базарындагы баш аламан соода сатык кылуу негизинен кимге болсун жакпайт борбор кала болгондуктан бираз тартипке келтирилсе. Ары бери ойлонуп кайра ошол араба устундо соодасын кылгандарды айласыз тушунууго туура келет,анткени ал тротуар базардын айланасы кочонун бойу болсун жуздогон адамдар кунумдук оокатын ошол жерлерден таап кетишет.
0
make2
2015-02-27 00:16:45
Ошол жолду бир жыл ремонт кылды, эки подземка салса порядок болмокта? же подземканыда жеп коюштубу???
0
Kesh.26
2015-02-27 02:24:30
Ош базарынын жабылышын 100% колдойм, ал жер ирээтке келбейт. Качан жабылган куну аябай суйунсом керек, ушул базардын жакшы жагын эч коро албадым...
0
gulmi
2015-02-27 02:55:12
Kesh.26, миндеген адамдар ан таап уйбулосун багып жатканын корбой элесинби?
-2
asanova92
2015-02-27 05:28:09
gulmi, ал жерде уйбулоосун багышотат бирок ошо жердеги сатуучулар тамак ашты сатып жатат бетин да жаап коюшпайт, ал жерде бизден башкасын бары жатат анан ошодон оруу деген чыгатта, бир аз ойлонуп королучу
0
gulmi
2015-02-27 07:47:39
asanova92, бир гана.тамак сатылбайт да?кийим,техника,кездеме, ж.б. сатылат.Тамак жагын иреттесин,бул жерде базардын башчылары куноолуу,эл эмес.Акчасын алып,эмне кылсан ошону кылып иштейбер деп жатса,эл билгенин кылат да.Акчасын алып жаткандан кийин,тартипти да козомолдосун.
0
Max.
2015-02-27 03:13:06
Эхх,Кыргызстаным барган сайын артка кетип атат.Афганистанда болдук эле,ошол жердеги базардан айырмасы жок болуп калыптыр.
0
asanova92
2015-02-27 05:30:31
Баарыныздарга тамак таттуу болсун, элдер эшектин этин сатса, булар тамакты кочодон сатса анан биз качан онолобуз!
+2
al79mi
2015-02-27 08:30:14
Айрыкча салат, нан ондуу даяр тамак аштарды сатууга катуу козомол кылса жакшы болот эле тиешелуу адамдар. Ал эми пирожки, манты туурасында соз да жок сатуучуларды базарга ылайыкташкан кир кийимдерин, чала жуулган посудаларын коруп туруп кантип гана дити барып алып жешээрине тан калам?!
+2
ooki8888
2015-02-27 09:16:16
Бардак!
0
sarishka
2015-02-27 09:29:52
Oo kudaium Kurguzstan kachan onolot,ushundailardi korup alip bargim kelbei ketet,Amerikadan kuiun Bishkeke barsam aiulga bargandai bolomgog,birok tuulgan jerine ech nerse jetpeit
0
Samina007
2015-02-27 11:13:57
ХХХ ХХХ ХХХ.ачкадан олгону калсан базардын мантысын жейсинер.
0
admin_superstan
2015-02-27 11:23:33
Samina007, сайттын башка колдонуучуларын мазактоого тыюу салынган!
0
sirgak_92
2015-02-27 11:30:21
Ужасссссс
0
bekjan_5
2015-02-27 11:44:47
Ош Базарына коп асыла бербегиле эл озун озу багып жатат иш болбосо,жарыткан завод фабрика болбосо анан эмне кылат кор оокат да кыргыздын жарымынан кобу кредиттен башы чыкпаса кыйын эле болду кыргызга
+3
Deniza88
2015-02-27 14:57:10
Баргым келбейт, бир кезде такыр барбай калгам. Азыр айла жок барганга туура келет. Макул баарын сатсын, оокат кылышсын, бирок иреет келтирип койсо
0
Sofy
2015-02-27 19:41:32
Tuura, katuu kozomolgo aluu kerek. Akchaga satylyp, zyian alyp kelip atat. Owskyiden otup bara jatyp, bir kiwinin satyp atkan tatuularyn (pirojnyilaryn)karga chokup atkanyn oz kozum menen korgom, al kiwi unchukpai kaira satyp atat owonu. Anan mynday nerseler ooru alyp kelbei emne alyp kelet. Ookat kylabyz dep,ozdorunun jawoosun oilop,birok aluuchularga zyian keltirboo kerek da, pokupateli toje liudi. Al jaktan tolko mylomoiuwie ele alam, nu ili optovikten produkt alsa bolot
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан