Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Жалал-Абад облусундагы Ала- Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 284-295 жана 300-308-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ал эми алыс жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан