Биз социалдык тармакта

Көчмөндөр оюндарына кандай даярдыктар көрүлүүдө? 

Кыргызстанда жакында эл аралык VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары иш-чарасы өтөт. Учурда өлкөдө бул самаалыкка кызуу даярдыктар көрүлүп жаткан чагы. Көчмөндөр оюндарынын программалары, даярдыктар тууралуу сөз кылабыз.

Көчмөндөр оюндары - көчмөн элдердин маданиятын, каада-салтын жана улуттук спорт түрлөрүн даңазалаган эл аралык спорттук-маданий иш-чара. Буга чейин 5 жолу өткөрүлгөн.

  • 2014-жылдын 9-14-сентябрында Ысык-Көлдө өткөрүлгөн алгачкы оюндарга 19 өлкөдөн 583 спортчу катышып, спорттун 10 түрү боюнча күч сынашкан.
  • 2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн экинчи оюндарга 80 өлкөнүн, анын ичинде салттуу көчмөн эмес мамлекеттердин спортчулары катышкан.
  • 2018-жылдын сентябрь айында өткөн үчүнчү оюндарга 66 өлкөдөн 1500дөн ашык спортчу катышып, салттуу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашкан.
  • 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник ​​шаарында мелдештин төртүнчүсү өткөн.
  • 2024-жылдын 8-сентябрынан 12-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн.

Оюндар быйыл 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын эки шаарында өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарындагы "Бишкек Арена" стадионунда, ал эми оюндардын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында болот.

Быйыл эл аралык иш-чарага 100дөн ашуун өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө. Анда спорттун 43 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин графиги

Расмий маалыматтарга ылайык, Ысык-Көлдө 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтө турган оюндардын спорттук аянтчаларында ат оюндары, күрөш, жаа атуу, күч сынашуулар жана интеллектуалдык оюндар уюштурулат.

Программага дүйнө жүзүнө белгилүү улуттук спорттун түрлөрү менен катар сейрек кездешүүчү оюндар да киргизилген. Ал эми кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы Кырчында өтмөй болду.

"Бишкек Аренага" келген коноктор үчүн акысыз шаттл-автобустар каттайт

Иш-чаранын ачылыш аземи 31-августта "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Аземге билет сатып алган же чакыруу алган көрүүчүлөр стадионго чейин акысыз шаттл-автобустар менен жеткирилет. Ал үчүн көрүүчүлөргө өздөрүнө ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун алдын ала тандайт. Иш-чара аяктагандан кийин шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү кайра жеткирип барат. Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары шилтемеде.

"Бишкек Аренага" эмнелерди алып кирүүгө болбойт?

31-августта "Бишкек Аренага" тамеки, IQOS, насвай, сырттан алынган тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкө, банка, көлөмдүү сумка жана чемодандарды алып кирүүгө болбойт. Ошондой эле курал-жарак, учтуу жана кесүүчү буюмдар, пиротехника, газ баллондору, дрондор, уруксаты жок кесиптик камералар, радиостанциялар жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына кийүүчү кураманын кийимдери

Уюуштуруучулар белгилегендей, кийимде кыргыз элинин улуттук баалуулуктары жана салттуу оймо-чиймелери заманбап үлгү менен айкалыштырылган. Кыргызстандык спортчулар бул кийимди Көчмөндөр оюндарындагы салтанаттуу иш-чараларда кийип, өлкөбүздүн маданиятын жана улуттук өзгөчөлүгүн таанытышат.

Ачылыш аземге дүйнөлүк белгилүүлөр келиши күтүлүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн Кыргызстанга белгилүү Голливуд актёру, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Дон "Дракон" Уилсон, "Биринчи мугалим" тасмасында Алтынайдын ролу менен таанылган советтик жана орусиялык белгилүү актриса Наталья Аринбасарова, Голливуд актрисасы Бай Лин келиши күтүлүүдө.

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курамасы кийүүчү формасы

Жаңы форма улуттук өзгөчөлүктөрдү заманбап спорттук дизайн менен айкалыштырып, кыргыз спортчуларынын эл аралык мелдештеги бирдиктүү образын түзүүгө багытталган.



Кырчын жайлоосуна көрүүчүлөрдү 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна өлкөнүн тургундарын жана конокторун акысыз жеткирүү үчүн 300 кичи автобус кызмат кылат. Ал жакка жеткирүү үчүн үч негизги багыт уюштурулмакчы. Алар:
  • Бает айылы – Кырчын капчыгайы;
  • Чолпон-Ата шаарынын ат майданы – Кырчын жайлоосу;
  • Жаркынбаев айылы – Кырчын жайлоосу.


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 950дөй журналист чагылдырат

Бүгүнкү күндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 250 чет элдик жана 700гө жакын жергиликтүү журналист аккредитациядан өттү.

Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чараны маалыматтык коштоо жана ЖМКлардын ишин уюштуруу үчүн атайын оперативдүү медиа штаб түзүлдү. Ал журналисттерди оюндар тууралуу өз убагында, так жана расмий тастыкталган маалымат менен камсыз кылат.

Ошондой эле негизги аянтчаларда "Бишкек Аренада", Чолпон-Атадагы "Газпром" комплексинде жана "Кырчын" этномаданий комплексинде маалымат борборлору иштейт.

Караколдо дрондор убактылуу учурулбайт

Каракол шаарында 27-августтан 10-сентябрга чейин аба мейкиндигин пайдаланууга чектөөлөр киргизилет.
Каракол шаарынын мэриясынан маалымдашкандай, аталган чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу киргизилүүдө.
Бул мезгилде тиешелүү уруксаты жок жалпы авиациялык учактардын жана учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) учуусуна жол берилбейт.

Жеңүүчүлөргө берилчү медалдар
Дене тарбия жана спорт агенттиги бүгүн, 26-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчүлөргө ыйгарылуучу алтын, күмүш жана коло медалдардын дизайнын жарыялады. Анда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий эн белгиси жайгаштырылган.
Медаль эки беттен туруп, илгенге жана койгонго ылайыкташып орноткучу менен бир комплектти түзөт.
Көчмөндөр оюндарынын Башкы штабы күнү-түнү иштейт

Иш-чара учурунда жарандар, оюндардын катышуучулары жана коноктор бардык суроолор боюнча Башкы штабга кайрыла алышат.

Башкы штаб иш-чараларга байланыштуу маалыматтык колдоо көрсөтүп, кайрылууларды кабыл алат. Ошондой эле зарыл болгон маалыматтарды берип, жаралган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.

Ыкчам байланыш үчүн: 1225 – өзгөчө кырдаалдар боюнча; +996 552 252 037 – WhatsApp/Telegram.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан