Казарман - Ак-Тал-Чат аймагындагы кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштерине байланыштуу жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-февралда саат 03:00 чамасында Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 45-48-чакырымдар аралыгында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Ага байланыштуу Балыкчы шаарынан чыккан КРнын Коргоо министрлигинин артиллериялык тобу жана КРнын ӨКМнын ыкчам тобу аталган жол аралыгында атайылап аткылоо жана карды түшүрүү иштерин жүргүзүүдө.