Бишкекте бир катар кафелердин санитардык эрежелерди сактабаганы аныкталып, протокол түзүлдү. Эреже бузган коомдук тамактануучу жайлардын жана дүкөндөрдүн катарына “Умар” дүкөнү, “Арабия”, “Бай-Суу” кафелери кирет.
Бишкек шаардык мэриясы кабарлагандай, жогоруда аталган жайлардын кызматкерлери таштандыларды аялдаманын тегерек-четине коюп келишкен. Жыйынтыгында Санитардык-экологиялык инспекциясы аталган жайлардын ээлерине Административдик жоопкерчилик кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүп, материалдарды Биринчи Май райондук административдик комиссиясына жөнөтүштү.