Нарында курулуп жаткан неврология бөлүмү быйыл күзүндө ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралдагы
маалымат жыйынында КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди."Аймакта курулуп жаткан неврология бөлүмүнүн курулуш иштерине акча каражаты жетпей калган. Быйыл ага дагы 20 миллион сом бөлүнүп берилди, күзүндө аны расмий түрдө ишке бермекчибиз. Андан сырткары былтыр облус аймагында 5 жаңы мектептин курулушу башталган. Былтыр 1 мектеп колдонууга берилген, ал эми быйыл калган мектептерди колдонууга берүү пландалууда",- деди А.Кайыпов.