“Парламентти таркатып жиберүүгө эч кандай негиз жок. Эгер андай зарылчылык жаралса, анда парламентти таркатуу мүмкүнчүлүгү Жогорку Кеңештин гана колунда". Бул пикирди бүгүн, 12-февралда ЖКнын "Парламент" радиосундагы түз эфиринде депутат Бөдөш Мамырова билдирди. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деп кабыл алынган Конституция боюнча президент парламентти таркатып жибере албай турганын айткан депутат: “Азыркы учурда бир партиянын же бир топтун кызыкчылыгы менен чечим кабыл алуу адатынан алыстадык. Анткени парламентте пикирлердин кагылышуусу талаш-тарыш, 5 фракциянын сунуш-пикири менен бышыкталган соң гана мыйзамдар, токтомдор кабыл алынып жатат. Аны калкыбыз түшүнүп деле калды”,- деди. Ал эми айрым адамдардын Жогорку Кеңешти таркатуу демилгеси тууралуу эл өкүлү буларга токтолду: “Колунда бар, акчалуу, кээ бир адамдар бул парламентти таратыш керек деген маселени көтөрүп жатышат. Муну бийликти эңсегендер гана уюштуруп жаткандыгы жашыруун эмес”.