Бишкекте 26-февралда диний кастыксыз Жер жүзүндө тынчтыкты орнотууга багытталган форум болуп өттү. Ага коомдук активисттер, дин таануучулар, аялдар жана жаштар катышты. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматка караганда, форумда азыркы учурдагы диний кырдаал талкууга алынды. Буга чейин мындай иш-чаралар Филиппин, АКШ, Мексика өңдүү жана башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн. Башка мамлекеттерде өткөн форумда жана Бишкектеги талкууда диндердин бири-бирине залакасын тийгизбей, өз алдынча өнүгүүсү, этностор аралык кастыкка жол берилбеши, келечекке зыян келтирбешине көмөктөшүү каралды.