Бүгүн, 27-февралда Чоң-Алай районунда
Алманбет Анапияевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына жактоочу
Жыргалбек Бабаев билдирди.
Анын айтымында, Анапияевдин сөөгү бүгүн эртең менен Москва-Ош аба каттамы менен алынып келинген. Коштошуу зыйнатына анын туугандары, жакындары жана жердештери келишти.
Айта кетсек, 18-февраль күнү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин жансыз денеси Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан мууздалган абалда табылган. Анын жанында Алманбет Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамович аттуу жаранга таандык паспорт да бар болгон.
Эске салсак, А.Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келген.