"Эшек эти эч кайда экспорттолгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова билдирди.
Анын айтымында, аталган инспекция эшек этин экспорттоо боюнча эч кимге уруксат берген эмес. Ошондой эле ишкананын жактоочусу эшек эттери эч кайда экспорттолбогонун моюнуна алган.
“Ар бир мал союучу жай инспекциянын каттоосунда турат. Бирок Ак-Жол айылындагы эшектерди союучу жай бизде каттоого алынган эмес. Эртең аталган жайда текшерүү иштери жүрөт”,- деди Рахат Садырбекова.
Айта кетсек, 25-февраль күнү маалымат жыйыны учурунда "Кайтал" ачык акционердик коомунун юристи Жаныбек Долбаев "Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринен табылган эшектердин эттери Бишкекке таратылбайт, Гонконгго жөнөтүлөт жана тиешелүү бардык нормаларга жооп берет" деп билдирген эле.