Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаарынын Горький, Лебедев Кумач, Ташиев Кулназар, Фатьянов, Игембердиев, Абай көчөлөрүндө жана саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Арашан, Чуңкурчак, Татыр айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Электр жарыгынын жок болушуна оңдоо иштери себеп болууда.