Ак-Жол айылында союлган эшектердин баш-шыйрактары иттерге берилген. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, союлган 605 эшектин баш-шыйрактары ит баккандарга берилген. Ал эми ичеги-карындары, териси, эти чет өлкөгө экспорттоо үчүн ошол жайда сакталган. Бирок алар сыртка экспорттомок турсун эшектерди сойгонго уруксат алышкан эмес.
Айта кетсек, бүгүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы аталган жайга барып, иликтөө иштерин жүргүзгөн.