2-мартта Чүй жана Талас облустарынын айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 10:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Рассвет айылында жана саат 09:00дөн 17:00гө чейин Талас шаарынын Бердике баатыр, Киров, Айтматов көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. Буга көмөк чордондордогу оңдоо иштери себеп болууда.