Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги көчөнү жарыктандыруу, бала бакча көйгөйлөрү талкууланды

Ош шаарына караштуу Манас-Ата аймактык кеңешиндеги бир катар социалдык көйгөйлөр талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өткөн аптада шаар мэри Айтмамат Кадырбаев менен жергиликтүү тургундар жолугушуп, көйгөйлөр ортого салынды. Манас-Ата аймактык кеңешиндеги №7-авиашаарчанын жашоочулары балдар ойноочу аянтча, жолду жарыктандыруу, кошумча көмөк чордон орнотуу, бала бакча маселелерин чечип берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле газ, суу, жарыкка болгон төлөмдөрдү кабыл алуучу жай ачып берүүнү сунушташты. 

Шаар башчысы жергиликтүү тургундар көтөргөн көйгөйлөрдүн баары чечилерин айтып, аткарууга алынуучу маселелерди тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине табыштады. 

"Азыркы прожекторлордон 4 эсеге арзан жаңы технологиядагы жарыктандыруучу жабдуулар коюлуп, электр энергиясын үнөмдөө жолу менен түнкүсүн жарыктандыруу жагы пландалууда. Мектеп, балдар бакчаларынын коопсуздугун камсыздоо максатында видеокөзөмөлдөрдү орнотуу зарыл. Ошондой эле 7 үйдүн чатырын жаңылоого кеткен чыгымдардын 30 пайызын көтөрүүгө мэрия жардам берет. Калган 70 пайыздык чыгымдарды тургундар өздөрү каржылашы керек",- деди Кадырбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан