Быйылкы жылдын 20-февралынан 27-февралына чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына шаар тургундарынан 115 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка таянсак, алардын 50сү катталып, 39 кайрылуу боюнча чара көрүлүп, аткарылган иш 78 пайызды түздү. Кайрылуулардын көпчүлүгүн электр энергиясы менен камсыздоо жана шаарды көрктөндүрүү маселелери түзгөн.