23-февралдан 2-мартка чейин "185" тынымсыз байланыш номуруна маршруттук таксилерге карата 14 нааразычылык чалуу түштү. Маалыматка караганда, борбор калаанын тургундары көбүнчө маршруттук таксилердин ичинин тазалыгына даттанышууда.
“Шаар тургундары кичи автобустардын айдоочуларынын орой мамилесине, жол эрежесин бузгандыгына жана салондун ичинин санитардык абалына арызданышса болот. "185" тынымсыз байланыш номуруна даттануу түшөр замат ал Шаардык транспорттук башкармалыкка жөнөтүлөт. Бул мекеме даттануу түшкөн айдоочуну чакыртып, кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча иш-аракеттерди көрөт.
Ошондой эле жаз келери менен бизде маршруттук таксилердин ишин текшерүү боюнча рейддер жүргүзүлө баштайт”,- дейт мэриянын басма сөз кызматы.