Ак-Жол айылында союлган эшектердин баш-шыйрактары шаардын түндүк тарабында жайгашкан таштанды таштоочу жайда жатат. Аталган жерде бир гана эшектин баш-шыйрактары эмес, башка жандыктардын да калдыктары бар.
Коомчулукта чоң талкууну жараткан эшек темасын улай, 28-февраль күнү эшек союучу жайга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы барган эле. Мекеме билдирүүсүндө союлган эшектин калдыктары ит баккандарга берилип келгендигин айтып чыккан.
"Таштанды таштоочу жайга элдин көзүнөн далдоо ыргытылган эшектин калдыктары кайдан келди?" деген суроо жаралат. Анын баарын бул жайга иттер сүйрөп келиши мүмкүн эмес экени белгилүү.
Айта кетсек, буга чейин эшек сойгон ишкананын өкүлдөрү 605 эшек союлгандыгын билдиришкен. Алар эшектин эттерин, ичеги-карындарын жана терисин чет өлкөгө экспорттоого даярдаганын айтып чыгышкан. Бул нерсе чынбы же калппы, аны учурда тиешелүү органдар иликтөөдө. Тарыхта мынча талкууга алынбаган эшектер азыр эл оозунан түшпөй калды окшойт.