27-28-февраль күндөрү Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын аймактык баскычы өткөрүлүп, анда 1-орунду ээлеген жалпы 34 окуучу республикалык олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, окуучулар катышкан предметтеринин окутуу тилине, базалык же тереңдетилген тартибине карата тандалып, буга чейинки өткөрүлгөн олимпиаданын баскычтарында түрдүү сынактардан өтүштү. Тактап айтканда, башталганда эле адилеттүү, калыс баалануу үчүн электрондук систем менен кийинки турларында жазуу жүзүндө, тест белгилөө жана оозеки суроо-жооп аркылуу жүргүзүлдү. Мындан окуучунун ар тараптуулугу сыналып, ушул баскычтардын баарын жеңип чыккан окуучулар гана Бишкек шаарында өтө турган республикалык турга катышууга жолдомо алышты.
Окуучулардын предметтик олимпиадасынын республикалык туру ушул жылдын март айынын акыркы күндөрүндө Бишкекте өткөрүлмөкчү.