Бишкекте депутаттар, активисттер орусиялык оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскеришти

Бүгүн, 2-мартта Орусиянын кыргыз мамлекетиндеги элчилигинин алдында орусиялык оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерип жатышат. 28-февралга караган түнү Орусиянын Москва шаарында окко учкан Б.Немцовду эскерүүгө ЖКнын депутаттары Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков, жаш активисттер, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун жана башкалар катышты. Анда шам жагылып, маркумдун сүрөттөрү, сүрөттөрдүн алдына гүлдөр коюлду. 
Депутат Равшан Жээнбеков сөз алып, Немцовдун оппозициялык саясатчыларга үлгү болгонун белгилеп өттү. "Орусиянын бийлиги канчалык күчтүү болгонуна карабай Борис Немцов оппозицияда болду. Ал Орусия Федерациясында 5 мыкты оппозиционер болсо, ошолордун сап башында турган",- деп кошумчалады депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан