Жалал-Абад шаарынын аймагында 1-марттан 1-июнга чейин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалыгын жакшыртуу боюнча 3 айлык жарыяланды. Ошондой эле 3 айлыкты уюшкандыкта өткөрүү үчүн шаардык штабдын курамы бекитилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, шаардын аймактык башкарууларына, мекеме-уюмдардын жетекчилерине төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
- жарыяланган 3 айлыкты өткөрүүдөгү иш-чаралардын аткарылышын камсыздоо;
- калктуу конуштардагы эс алуучу жайларга, сейил бактарына, аллеяларга, унаа жолдордун, көчөлөрдүн четине, административдик имараттардын айланасына дарактарды, гүлдөрдү, көчөттөрдү отургузуу, айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу жана бул иштерге жалпы калкты тартуу;
- жолдорду, тротуарларды оңдоп-түзөө, жолдордун четиндеги объектилерди, турак жайларды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жолдорго, көчөлөргө түнкүсүн жарык берүүчү лампаларды орнотуу, бак-дарактарды актоо, арыктарды,сел каналдарын тазалоо, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү;
- жер көчкүсү коркунучу бар жерлерге жер кыртышын сактоочу жана тез өсүүчү дарак, бадалдардын көчөттөрүн отургузуу;
- өз аймактарында 3 айлыктын алкагында отургузулган көчөттөрдүн көктөшүнө ыңгайлуу шарттарды жаратуу жана өз убагында сугарып туруу;
- буйруктун аткарылышы жөнүндө маалыматты ар жуманын ишемби күнү саат 12:00дөн кечиктирбей Жалал-Абад шаардык мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнө берилишин камсыздоо милдеттендирилди.