Эртең Жалал-Абадда студенттер Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышат

Эртең, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы студенттер Ак калпак күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышат. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, жүрүшкө чыккандар баштарына ак калпак кийип алышып шаардагы борбордук көчөлөрдү кыдырышат. Аларды жол-кайгуул кызматкерлери коштоп жүрүшмөкчү. 
Белгилей кетсек, өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Ал эми Ак калпак күнү 2011-жылы демилгеленип, ошондон тарта жыл сайын белгиленип келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан