Аялдардын улуттук форумунда Раиса Атамбаева борбор калаада ар бир 6-кыз 14 жашында жыныстык катнашка барарын айтты

Бүгүн, 2-мартта өлкөнүн канайымы Раиса Атамбаева Аялдардын улуттук форумунун “Аялдар менен кыздардын ден соолугу” темасына арналган бөлүгүнүн жүрүшүндө "Бишкекте ар бир 6-кыз 14 жашында жыныстык катнашка барат" билдирди.  

Ошондой эле Раиса Атамбаева Кыргыз-Орус Славян университетинин акушердик жана гигиена кафедрасында иштегенин жана анда өлкө боюнча демилгелүү иликтөөлөрдү жүргүзөрүн билдирди.

“Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук жана бойдон алдыруулар көп экени белгилүү болду. Бишкектеги 12 мектепте окуган 2 миңден ашык кыз катышкан жашыруун сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жалпы коом үчүн терс көрүнүш аныкталды, ар бир 6-7-кыз 14 жашында жыныстык жашоо менен жашайт экен. Ал эми 10-11-класстын окуучулары бойдон алдыруунун зыяндуулугун жана кесепеттерин билишпейт",- деди Атамбаева.

Белгилей кетсек, Бишкектин ар кайсы жогорку окуу жайларында жана Улуттук китепканада Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтүүдө. Иш-чаранын алкагында “Саясий процесстерде аялдардын ролу жана  катышуусу” аталыштагы тематикалык конференция И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүүдө. Ошондой эле “Жаңы көйгөйлөр жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” тематикалык конференциясы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде уюшулган.

“Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: коргоонун натыйжалуу каражаттарына укук жана бейтарап судья” Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында болууда. “Аялдар менен кыздардын ден соолугу” тематикалык конференциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында өтүп жатат.

"Аялдардын билим алуусу" тематикалык конференциясы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aidar.001
2015-03-02 16:18:33
Шаарда жашагандар современный жашоо деп жаш эле кыздарга кыска кийинтет ата -энеси, мына жыйынтыгы. Баткенди маскарлап коюшат койнокторунон,керек болсо ошол койноктун ичинде кыргыздын сулуу кыздары.
+13
Bektur2
2015-03-02 18:09:01
Шаарда жашаган кыздарды Европа айымдары бузуда жана эркек аял тен укукту деген да туртку берудо
+1
mekkka
2015-03-02 19:31:55
Бул эч кимге сыр деле болбой калды. Тарбиянын жоктугу, ыймандын жоктугу. Кунаажын козун сузбосо....
+2
Kairatbek-2011
2015-03-03 09:14:56
18 жашка чейинки оспурум улан кыздарга телефон интернетти тыюу салса ар бир ата эне мен татыктуу ата эне болом деп адам болгум келет деген китепти окуса Жаратуучусун тааныса ошондо онолот кыргыз элим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан