Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жарыялаган 1 айлыктын алкагында 8471 жол эрежесин бузуу фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыптык унаа токтотуучу жайга 477 унаа токтотулган, анын ичинен 43 кичи автобус жана 21 такси. Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 10 жол эрежесин бузуучу калаанын РИИБине жеткирилип, ошондой эле 7 кылмыш ишинин бети ачылган.
Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Мамлекеттик автомобиль жана суу транспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгына аталган бир айлыкта кичи автобус айдоочуларына тийиштүү 17 протокол түзүлүп, 17 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынган. Ал эми Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 44 жол эрежесин бузуу катталып, бир катар маршруттук каттам фирмаларынын айдоочуларына актылар түзүлдү.