Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери уланууда
3-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 287-чакырымында кар көчкүлөрүн атайылап аткылап түшүрүү иш-чаралары уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы изилдөө иштери 2-мартта жүргүзүлгөнүн билдирди. Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында да коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 5-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иштери аткарылат.