Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 2-мартта иш сапары менен Талас облусунда болду. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр облустун Кара-Буура жана Манас райондорунун дыйкандары жана айыл чарба кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда жазгы талаа иштерине болгон даярдыктар, жазгы сугат жана айдап-себүү иштери тууралуу сөз болду. Бакай айыл өкмөтүндө дыйкандар менен болгон жолугушууда министр жасалма уруктандыруу боюнча тапшырма берди.