Борбор калаада 3-4-мартта Татарстандын президенти Рустам Минниханов баштаган расмий делегациянын келишине байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогоруда аталган себепке байланыштуу Манас, Чүй, Ахунбаев, Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүндө унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Жол-кайгуул кызматы айдоочулардан жана жол кыймылынын катышуучуларынан жүрө турган ыңгайлуу багытты тандап алууну өтүнөт.