Баткен. Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте Ооган согушунун ардагерлерине арналган иш-чара болду

Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте Ооган согушунун ардагерлерине арналган кече болуп өттү. Анда ардагерлер үчүн аталган мектептин окуучулары сахналаштырылган көрүнүш аткарышып, мекен жөнүндө ырларды тартуулашты. Бул иш-чара боюнча аталган мектептин директору Айгүл Алдашева төмөнкүлөрдү билдирди:

"Биз бүгүн “Ооган согушунун ардагерлерине таазим!” деген ураан менен маданий кече өткөрдүк. Бул иш-чаранын максаты - 9 жылга созулган аталган согуштун ардагерлерине сый көрсөтүү жана жаштарга бул согуш тууралуу кененирээк маалымат берүү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан