Нарын жана Жалал-Абад шаарларында Мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)

Бүгүн, 3-мартта Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Нарын шаарынын тургуну Нургүл Курманалиева SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага калаа башчысы Рахат Адиев, мэриянын өкүлдөрү катышып, тургундарды куттуктап өтүштү.
Иш-чарада ак калпакчан мырзалар байракты көтөрүп алышып жөө жүрүшкө чыгышты. Алар патриоттук ырлар жаңырган шаардын борбордук аянтына келишип, тууну желбиретишти. Иш-чара жергиликтүү артисттердин чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында салтанаттуу белгиленди. Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, иш-чарада жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери ак калпак кийип, тууну бийик көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышты. Туурасы 3 метр, узундугу 6 метр болгон мамлекеттик туу алмаштырылып, шаардын борбордук аянтында желбиреди. Салтанатка шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч органдары катышышты. 

“Жаштарыбыз намыстуу болсо, дайыма кыргыздын атын чыгарып, маданият, спорт жаатында эле эмес, бардык тармактарда жетишкендиктер көп болгондо кыргыздын туусу көтөрүлүп, ийгиликтерге үндөйт”,- деп билдирди өз сөзүндө вице-мэр Таирбек Чойбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан