Бишкекте жаштар Мамлекеттик туу күнүнө карата флешмоб өткөрүшөт
Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги жаштар Дайыр Асанов атындагы сейил багында Мамлекеттик туу күнүнө карата флешмоб өткөрүшөт. Уюштуруучулар флешмобго 2 миңден ашуун адам чакырылганын билдиришти. Алар сейил бактын ичинде эле баштарына ак калпак кийишип, тууну колдоруна кармап, атайын көңүл ачуучу программаларды өткөрүшөт. Мындай флешмоб башка облус борборлорунда да өткөрүлүп жатат.