"Айылдарда наристелердин 95 пайызы бала бакчага барбайт". Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта мурдагы президент Роза Отунбаева Аялдардын улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча мектепке жашы жете элек балдардын 15-17 пайызы гана балдар бакчасына барышат.
“Коңшу Казакстанда, мисалы, мектепке чейинки билим берүү балдардын 75 пайызын камтыйт. Биз бул жаатта олуттуу иш жүргүзүшүбүз керек. Биз ушул жайда Жайыт комитеттери, айыл өкмөттөрү менен биргеликте 100 бала бакчасын ачууга ниеттенип жатабыз. Бирок тарбиячыларды каржылоо маселеси чечилбей жатат”,- деди Отунбаева.
Буга кошумчалай экс-президент өлкөдө менчиктештирилип кеткен бачкалар мамлекетке кайтарылып жатканын жана жеке балдар бакчаларын ачуу демилгелери жакшы иштеп жатканын белгиледи.