Бүгүн, 3-мартта маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти
Медетбек Керимкулов жыл башынан бери өлкөгө 187 тонна күйүүчү май импорттолгонун билдирди.
"Январь, февраль айларында өлкө аймагына 117 миң тонна күйүүчү май жана 70 миң тонна дизель отуну алынып келинди. Февраль айынын аягына карата өлкөдөгү күйүүчү майдын калдыктары болжол менен 86 миң тоннаны түзүүдө. Анын ичинен 54 миң тоннасы күйүүчү май болсо, 32 миң тоннасы дизель отуну",- деди М.Керимкулов.