Казакстанда кармалып турган күйүүчү майлардын сапаты убакыттын өтүшү менен начарлашы мүмкүн. Бул тууралуу б
үгүн, 3-мартта маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. "Тилекке каршы, биздин бир нече жолу кайрылганыбызга карабастан, казакстандык тарап 4 айдан бери күйүүчү майлар жүктөлгөн вагондорду кармап турат. Учурда 446 вагон күйүүчү майдын ичинен 41 вагон гана алынып келинди. Башкача айтканда, Казакстандын станцияларында кармалып турган вагондор жалпысынан 90 пайызды түзүүдө. Бул жагдай президенттер ортосундагы келишимди аткарууну созуп жаткандай туюлууда",- дейт М.Керимкулов.
Анын айтымында, Казакстан бажы органдары тарабынан чыгарууга уруксат берилген. Бирок вагондор "Казакстан темир жолу" акционердик коому тарабынан вагондордун туруусу үчүн айып төлөбөгөндүгүнө байланыштуу алигиче чыгарыла элек.
"Казакстанда вагондорун туруусу боюнча милдеттенмелерди алууга юридикалык негиз жок. Ошол эле кезде кылмыш ишин тергөө учурунда казакстандык ортомчу компаниялардын күнөөсү далилденген эмес. Вагондордун туруусу үчүн айып төлөө маселесин казакстандык тарап карызды Казакстан Бажы кызматына жүктөө же болбосо карызды кечүү менен чечүү керек",- деп кошумчалады М. Керимкулов.