Борбордо Мамлекеттик туу күнүнө карата флешмоб өтүүдө

Бишкектеги жаштар Дайыр Асанов атындагы сейил багында бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик туу күнүнө карата флешмоб өткөрүшүүдө. Иш-чарага 50дөн ашуун жаштар катышып жатышат. Ак калпак кийип, туу көтөргөн жаштар оюн-зоок программаларын тартуулашат. Уюштуруучулар флешмобго 2 миңден ашуун адам чакырылганын билдиришкен эле. 
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта бекитилген. Желектин бир түстүү кызыл болгону - эрдиктин жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейпилдикти жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргыз Республикасы болуп бириккендигин айгинелейт. Түндүк - өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. 
Туунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursultan1
2015-03-03 17:41:36
Желбиреген кызыл туу, Түбөлүк калсын желбиреп!
0
kama_future_millioner
2015-03-04 00:56:22
Ардайым туубуз көктөө желбиреп турсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан