Бүгүн, 3-мартта Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата шаардагы 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучуларынын арасында көркөм окуу сынагынын шаардык баскычы болуп өттү.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, сынактын коюлган талабына ылайык, окуучулар согуш, тынчтык, Ата Мекен, эне тили жана башка патриоттуулукка тарбиялай турган багыттагы акын-жазуучулардын ырларын кыргыз жана англис тилдеринде уккулуктуу, көркөм айтып беришти. Катышуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү үчүн балдарды жаш өзгөчөлүгү боюнча 3 топко бөлүшкөн. Тактап айтканда, 7 жаштан 10 жашка чейинкилер өзүнчө топто, 11 жаштан 14 жашка чейинкилер башка топто болушса, 15 жаштан 17 жашка чейинкилер өзүнчө болуп бөлүштүрүлгөн. Жаш өзгөчөлүгү боюнча алдынкы орунга ээ болгон окуучулар аталган сынактын республикалык баскычына катышууга жолдомо алышты. Эске сала кетсек, буга чейин аталган сынактын биринчи баскычы мектептер арасында болуп өткөн.