Өлкө аймагында күйүүчү майга болгон баа март айында көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу б
үгүн, 3-мартта маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.
"Күйүүчү майлардын 3 айлык арзандоо мезгилинен кийин мунайдын айрым түрлөрүнүн дүң бааларынын өсүүсү байкалууда. Март айынан күйүүчү майдын дүң партияларын алып келүү 8 пайызга, ал эми дизелдик отундуку 20 пайызга жогорулайт. Буга байланыштуу бул айда күйүүчү майга болгон баалардын өсүүсү күтүлөт",- дейт М.Керимкулов.
Анын айтымында, өлкө күйүүчү майдын керектүү көлөмү менен үзгүлтүксүз жана убагында камсыздалып жатканына байланыштуу анын жетишсиздиги болбойт.