Борбордо үйлөрдүн короолору ишембиликтин өткөрүлүшүнө муктаж

Бишкектин Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн короолору ишембиликтин өткөрүлүшүнө муктаж. Жаз келип, жер карарары менен таштандыга толгон арыктарды, сынып, ар кайсы жерде чачылган курулуш материалдарын көрүүгө болот. Буга кошумча көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринен ыргытылган желим бөтөлкөлөр, бут кийим, байпактарга чейин жерде жатышы адамды жийиркентет.

Совет доорунан калган, бир кезде отурууга ыңгайы бар орундуктар азыр болгону өткөн учурдан элес калтырат. Ал эми балдар ойной турган аянтчалардын да кейпи эбак кеткен. Жарымы эптеп ойноого жарактуу болсо, калганы керектен чыккан.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан