Чоң-Алай районунун акими 2014-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчёт берди

Февраль айынын соңунда Чоң-Алай районундагы жергиликтүү кеңеш жыйын өткөрдү. Анда райондук мамлекеттик администрациянын башчысы А.Ашыралиевдин 2014-жылдагы аткарган иштери боюнча отчёту угулду. 
Бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына жергиликтүү кеңештин депутаты Абдысалам Бөрүбаев"Мыйзам боюнча, райондун акими жергиликтүү кеңештердин жыйналышында жылына 1 жолудан кем эмес отчёт берүүгө милдеттүү. Чоң-Алай районунун акими А.Ашыралиев 2013-жылдын отчётун да берген эмес",- деп билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков катышты. Акимдин отчёту боюнча депутаттар тарабынан көптөгөн курч сын-пикирлер айтылды. Райондун акиминин өткөн жылдагы ишине жыйындын катышуучулары канааттандырарлык эмес деп баа беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks94.kb
2015-03-03 18:50:10
Мм кызык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан