Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Апрель окуясынын 5 жылдыгын, Жоогазын революциясынын 10 жылдыгын белгилөөгө 350 миң сом бөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы 3-мартта билдирди.
Аталган мекеме тарабынан жарыяланган тескемеде: "2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик
революция жана 2005-жылдын мартындагы Жоогазын революциясынын тарыхый маанисин белгилөө максатында облустун жер-жерлеринде
атайын иш-чараларды уюштуруу облустук түзүмдөрдүн жетекчилери,
райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана шаарлардын мэрлерине жүктөлдү",- деп айтылат.