Торугарт жолунун 287-чакырымында карды аткылап түшүрүү иштерине байланыштуу Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2-мартта башталган бул аракет кар көчкү түшүүсүнүн алдын алат. Андан сырткары Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында да коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 5-мартка чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иштери улантылууда.