Нарында курулган мектеп 4 айда кайра кыйрап жатканын атайын комиссия аныктады

Нарындагы Ак-Талаа районунун Кыдыралы айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектептин дубалында жарака пайда болуп, ажатканасы кулап калган. Мектептин техникалык абалы менен атайын түзүлгөн комиссия таанышып чыкты. Бул тууралуу 4-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Комиссиянын изилдөө иштерине ылайык, мектептин күн батыш тарабынан кире бериш тамбуру жана коридорлорунун, тамактануу залынын полдору чөгүп кеткен. Кире бериш тамбурунун дубал тосмолору чөгүп кеткендиктен, астынкы бөлүгүндө эң чоң жери 3-4 сантиметрге чейин узунунан кеткен жаракалар пайда болгон. Чарбалык кабинеттин түндүк тарабындагы жана кире беришиндеги дубал тосмолорунун үстүнкү жана алдынкы бөлүктөрүндө жаракалар бар. Ашканадагы ички даараткананын аялдар бөлүгүнүн бетон полу көтөрүлүп кеткен. Анын кесепетинен дубал тосмолору кулап калган. Чыгыш тарабындагы дубал тосмо менен пайдубалдын ортосунда 10-15 сантиметрлик ажырым пайда болгон. Ошондой эле эркектер блогунун түндүк тарабынан полдун жана дубал тосмолорунун үстүлөрүндө жаракалар пайда болгон. Усулкананын полунун түндүк тарабынан улагасы бошогондугуна байланыштуу 4,5 сантиметр чөгүп кеткен, даараткананын полу чөгүп, дубалдары кулаган.

Аталган мектеп 2014-жылдын 2-ноябрында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZAIYR
2015-03-04 10:01:11
Суроту менен жазгылачы, кайсыл фирма курган? Мектепти.
0
kadamjai90
2015-03-04 14:56:14
Мекттепке болунгон акчаны жарымын чонтоко урганда. Эптеп септеп бутуруп берген анан.
0
uulay
2015-03-04 15:05:47
50-жылдары курулган мектебибиз дагы деле жапжакшынакай балдарыбыз окуп жатат.
0
bakyt_2015
2015-03-04 15:10:38
Заказчик деген жакшылап текшерип албайбы.Салынып жатканда айыл окмоту бир жагынан,мектеп директору бир жагынан цемент, арматура,кирпичин озунукундой талап-тоноп,курулушчулар бир жагынан сатып,эптеп чампаланып буткон да.Откоргондо акча, арак берип принимать кылып койгула менчик беле окмоттуку кудай албайт деп откорушуп койушту да. Башка эмне соз адаттагы эле кыргызчылык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан